Еврокомиссия төрайымы Киевге Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин барды

  • 12 месяцев мурун

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 9-майда Киевге барды.

«Биз аздектеген баалуулуктарды күндө коргоп жаткан Киевге кайра келгениме кубанычтамын» деп жазды фон дер Ляйен Твиттерге.

Ал ошондой эле украин президенти Владимир Зеленскийдин 9-майды өз өлкөсүндө Европа күнү деп жарыялоо чечимин кубаттады. Бул күнү Евробиримдикте Европа күнү белгиленет. 1950-жылы Франциянын тышкы иштер министри Робер Шуман шаркеттин түптөлүшүнө негиз болгон декларацияны сунуштаган.

Урсула фон дер Ляйен Киевге келерден бир нече саат мурда Орусия украин баш калаасына жана башка аймактарга ракетадан сокку урган. Ушуну менен Москва ай башынан бери Киевди бешинчи жолу ракета менен аткылады. Жалпы урулган 25 ракетанын 15и украин борбор калаасына багытталган.

Булак: Азаттык

Сүрөт: president.gov.ua

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты