Еврокеңештин башчысы Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат
- 2 года мурун
Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Ал жакында Өзбекстан менен Казакстанга келерин Твиттерге жазды.
Шарль Мишель Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 26-27-октябрда Астанада болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышат.
28-октябрда Еврокеңештин башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ташкентке барат.
«Евробиримдик Борбор Азия менен байланышты тереңдетүүгө жана аймактык кызматташууну колдоого даяр»деп жазды ал.
Муну бөлүшүү