Евробиримдик Украинага жыл сайын 5 млрд евродон бөлүүнү пландоодо

  • 8 месяцев мурун

Европа Биримдиги (ЕБ) 12 айдын ичинде Украинага 1 миллион артеллериялык снаряд берүү тууралуу март айында койгон максатына жете элек.

Буга байланыштуу европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель ЕБ өлкөлөрүн Украина үчүн көбүрөөк ок-дарыга буйрутма берүүгө чакырды. Ал бул тууралуу Испаниянын Толедо шаарындагы Евробиримдик өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жолугушуусунун алдында айтты.

Быйыл март айында ЕБ өлкөлөрү 12 айдан ичинде Украинага 1 миллион артиллериялык снаряд берүү планын макулдашкан. Боррелдин айтымында, бул пландын алкагында Киевге жалпы баасы 1,1 миллиард еврону түзгөн 224 миң ок-дары жана 2,3 миң ракета жөнөтүлдү. Ал андан бери дээрлик алты ай өткөнүнө карабастан, планда көрсөтүлгөн көлөмдүн төрттөн бир бөлүгү да Украинага бериле электиги белгиленди.

Deutsche Welle басылмасынын маалыматына караганда, ЕБ өлкөлөрү Украинага аскердик жардам берүү фондун ачып, ага 20 миллиард евро салууну пландоодо. Андан 2027-жылга чейин Украинаны куралдандыруу жана окутуу программасына жыл сайын 5 миллиард евродон бөлүнүп турат.

Бүгүнкү күнгө карата Украина ЕБдин бюджетине кирбеген механизмдерден 5,6 миллиард еврого бааланган аскердик жардам алды. Евробиримдиктин мыйзамдары үчүнчү өлкөлөргө аскердик жардам берүү үчүн бюджеттик каражаттарды колдонууга тыюу салат.

Боррель украин аскерлери менен офицерлерин окутууну кеңейтип, жыл соңуна чейин 40 миң аскерди даярдоону сунуштады. Ал 2023-жылы 30 миң жоокер даярдоо тууралуу ЕБдин буга чейинки максаты ноябрдын аягында аткарыларын кошумчалады.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты