Евро-2024: Грузия Португалияны жеңип, плей-офф баскычына чыкты
- 8 месяцев мурун
- Видео
Грузия биринчи жолу футбол боюнча Евро-24тө ойноп, Португалияны 2:0 эсеби менен жеңип алып, плеф-офф баскычына чыкты.
Голду Хвича Кварацхелия жана Жорж Микаутадзе киргизди. Голду Кварацхелия оюн башталгандан кийин 1 мүнөт 32 секунддан кийин киргизип, Европа чемпионатында португалиялыктардын дарбазасына киргизилген, ылдам гол болуп калды.
Грузиядан тышкары плей-оффко Испания, Германия, Дания, Португалия, Франция, Бельгия, Румыния, Австрия, Англия, Түркия, Словения, Словакия, Нидерланды, Швейцария жана Италия кирди.
Келерки оюн ушул ишемби күнү болот, бул күнү Швейцария — Италия жана Германия – Дания ойнойт.
Сүрөт жана видео: Baza Телеграм-каналы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!