Евразия университетинин мурдагы ректору кармалды
- 10 месяцев мурун
“Евразия университети” билим берүү мекемесинин мурдагы ректору, учурда Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде иштеген С.М.А. кармалды.
Бул тууралуу 18-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Мурда айтылгандай, УКМК тарабынан жогорку окуу жайларды текшерүү, анын ичинде коммерциялык эмес “Евразиялык университет” билим берүү мекемесин текшерүү боюнча комиссия уюштурулган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, “Евразия университетинин” окутуучуларына расмий документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголгон. Окутуучулар айрым студенттердин сабактарга катышпаганын билип туруп, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, айрым студенттерге ведомостторго зачет жана экзамен боюнча баа койгон.
Бул кылмыш ишке 19 окутуучункн тиешеси бар экени аныкталып, алардын үчөө кармалган.
Азыр төртүнчү шектүү, “Евразия” университетинин мурдагы ректору, учурда Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде иштеген окутуучу С.М.А. кармалды. Ал Жаза аткаруу кызматынын №1 абак жайына камалды.
Сүрөт: Шектүү. УКМК басма сөз кызматы




