Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өттү

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 26-октябрда, Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызмты маалымдады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучулары алдында сөз сүйлөдү.  Ал бул кеңешменин жыйынтыгы Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда дагы бир маанилүү кадам болооруна ишеним билдирди. 

“Чакан форматта өткөн жыйында конструктивдүү сүйлөшүүлөр орун алат деп үмүттөнөм. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жайгашкан боордош мамлекеттер катары элибиздин жана Биримдигибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келээрибизге ишенем» деди Акылбек Жапаров. 

Жалпысынан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына 30га жакын маселе камтылган.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты