Евгений Пригожин куралдуу козголоңдон кийинки алгачкы кайрылуусун жарыялады

  • 10 месяцев мурун

«Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин «адилеттик жүрүшү» аяктагандан кийинки алгачкы аудио кайрылуусун жарыялады.

Анын телеграм-каналына жарыяланган 11 мүнөттүк кайрылуусу качан жана кайсыл жерде жазылганы, ошондой эле учурда Пригожин өзү каякта экени белгисиз.

Билдирүүдө ал «вагнерчилер» орус өкмөтүн кулатуу үчүн эмес, өздөрүн сактап калуу үчүн Москваны көздөй бет алышканын белгилеген. «Биз жүрүштү адилетсиздиктин айынан баштадык» деген Пригожин.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, «адилеттик жүрүшүн» баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди «Вагнердин» позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

«Вагнерчилер» Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

Анын «куралдуу козголоңу» эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан берки Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулбай эле ФСБ тергөөнү улантып жатканы тууралуу 26-июнда орус басылмалары Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлады.

Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, «ал Беларуска кетерин» билдирген.

Пригожинге «Куралдуу козголоң уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын дүйшөмбүдө орусиялык бир канча басылма жазган.

Сүрөт: Евгений Пригодин.TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты