Эстония, Латвия жана Литва россиялык электр түйүндөрүнөн чыкты
- 1 месяц мурун
Эстония, Латвия жана Литва өлкөлөрү россиялык электр түйүндөрүнөн чыкты. Бул тууралуу LSM билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жакын арада аталган Балтиканын үч өлкөсүндө энерготүйүн автономдуу иштесе, 9-февралдан баштап Европа энергетикалык системасына кошулат.
Европа энергосистемасына континенталдык Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түркия, Алжир, Марокко жана Тунис кирет.
Балтика өлкөлөрү Россиядан энергетикалк жактан көз каранды болбош үчүн БРЭЛЛ (Россия жана Беларусь энергетикалык алкак) системасынан чыгаарын 2017-жылы билдирген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү