Эне-баланы коргоо борборунда бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 операция жасалды. Дагы экөө пландалууда

  • 2 месяца мурун

2024-жыл ичинде эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бюджеттик негизде 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган, быйылкы жылдын аягына чейин дагы 2 операция жасалат. 2025-жылы бюджеттик негизде мындай 50 операцияны жүргүзүү пландалууда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, мындай операциялар эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кыргызстандык хирургдардын аракети менен 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.  Жалпы 62 операция жасалып, анын 20сы 2024-жылы жасалды.

Дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоону «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ишке ашырат.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты