Президент Жапаров БУУ сессиясында тышкы карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштырууну сунуштады
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Мамлекет башчы Кыргызстан глобалдык климат боюнча күн тартибинин алкагында өз милдеттенмелерин так аткарууга умтуларын баса белгиледи.
Кыргызстан 2030-жылга карата адаттагыдай иш сценарийи боюнча эмиссиялардын деңгээлин 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо 44%га кыскартууну мерчемдеп жатканын өзгөчө белгиледи.
Президент бул максаттарды ишке ашыруу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү, анын ичинде, гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады.
Мамлекет башчы мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Ал ошондой эле өлкөдө каражаттары экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын айтып берди.
Буга байланыштуу мамалекет башчы инвесторлорду «жашыл» долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.
Акыркы маалыматтарда Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жылда 33 пайызга өсүп, 8 млрд доллардан ашканы айтылууда.
Сүрөт: president.kg




