Эсеп палатасынын инспектору кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен мамлекеттик бюджеттен каржылануучу акча каражаттарын мыйзамсыз алууга (пара) байланыштуу Эсеп палатасынын ишиндеги туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К., Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 22 билим берүү мекемесинде (19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан.

Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор  менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К., жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси менен кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Эсеп палатасынын инспектору кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты