Эсеп палатасы санариптик өнүктүрүү министрлиги 1 млрд сомго жакын каржы бузууга жол бергенин кабарлады
- 1 год мурун
Эсеп палатасы 2022-жылга карата санариптик өнүктүрүү министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча 1 млрд сомго жакын каржы бузуу аныкталганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бардык мыйзам бузуулардын аныкталган суммасы– 979 244,2 миң сомду түздү. Калыбына келтирүүгө тийиш болгон акчанын суммасы – 122 418,3миң сом. Булардын ичинен калыбына 90 421,5миң сом калыбына келтирилген.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлгөнү белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




