Эсеп палатасынын инспектору жана ортомчу 700 миң сом пара алууга шектелип кармалды
- 11 месяцев мурун
- Видео
700 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору Б.М.Ы. жана анын ортомчусу Т.М.Ж. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, эсеп палатасынын инспектору Б.М.Ы., Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүү жүргүзүү учурунда айыл өкмөттөрдүн биринде майда каржылык мыйзам бузууларды аныктап, мыйзам бузууларды жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин «Пара талап кылуу» кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мындан улам кол алдындагы кызматкери пара алып кармалгандан кийин А.Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
2025-жылдын 9-июлунда Ош шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовго кол алдындагылардын коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендиги тууралуу сураган. Ага инспекторлору кызматтан кетүүгө даяр эместигин тастыктап, жооп кайтарган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




