Эсеп палатасынын инспектору пара талап кылууга шектелип кармалды
- 4 месяца мурун
2025-жылдын май айында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору И.М.А. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыргандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен опузалоо жолу менен 800 миң сом алган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Өз кезегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектини куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчүлүктү ыйгаргандыгы үчүн подряддык компаниядан 10%дык сый акы түрүндө акча каражатын алышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Эсеп палатасынын кызматкери И.М.А. кармалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




