Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды
- 11 месяцев мурун
Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирли.
Маалыматта айтылгандай, Эсеп палатасынын башкы инспектору Кыргызстандын чет жердеги айрым мекемелерин аудитордук текшерүүдөн өткөрүүдө, финансылык мыйзам бузуулар аныкталды деп, аны жашыруу үчүн дипломатиялык миссия башчысынан пара доолаган.
УКМК органдары тарабынан бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, башкы инспектор пара алуу учурунда кармалган.
15-июлда эл аралык “Манас” аэропортуна келген учурда Эсеп палатасынын башкы инспектору А.И.К. кармалып, андан аталган сумма табылган жана алынган. Кармалган башкы инспектор УКМКнын убактылуу абак жайына камалган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




