Эсеп палатасынын башкы инспектору 5000 доллар пара алууга шектелүүдө
- 2 недели мурун
Бүгүн, 1-февралда, козголгон кылмыш ишинин алкагында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын Т.А.А. аттуу инспектору кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Эсеп палатасынын инспекторлору тарабынан Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү. Мындан улам, Эсеп палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, анын жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча опузалаган.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы