Эсеп палатасынын инспектору кармалды
- 4 дня мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору А.Э.А. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, А.Э. А. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы орто билим берүү мектептерине республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарын чыгымдоо боюнча аудитордук текшерүү жүргүзгөндүгү аныкталды.
А.Э.А. райондук билим берүү тармагынын кызматкерлеринен текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жашырып, жакшы корутунду чыгаргандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
11-апрелде Эсеп палатасынын инспектору А.Э.А. 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.
12-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен А.Э.А.ге 025-жылдын 10-июнуна чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы