«Эс алуу жайларындагы ызы-чуудан уктай албай жатышат». Парламентте көйгөйлөр көтөрүлдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 2-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Акылбек Түмөнбаев жазгы айдап себүү иштерине карата дыйкандарга көмөк көрсөтүү зарылчылыгын айтса, депутат Сүйунбек Өмүрзаков азык түлүк коопсуздугу тууралуу сөз кылып, тиешелүү мекемелер тамак-аштын сапаты боюнча маалымат берип турушу керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Таалайбек Сарыбашов Ош шаарындагы №2 автобекеттин абалы өтө начар экенин жүйө келтирип, аталган мекемени мэриянын карамагына өткөрүү сунушун берди.

Ошондой эле депутат Балбак Түлөбаев Корея Республикасына виза алууга байланышкан көйгөйлөргө токтолуп, ал жердеги коррупциялык жагдайлар боюнча сөз кылды.

Андан тышкары, депутат Дастан Бекешев Бишкек  шаарындагы кичи райондордун тургундары эс алуу жайларындагы ызы-чуудан улам түнкүсүн уктай албай жатышканын айтып, бул боюнча көптөгөн кайрылуулар келип жатканын билдирди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты