Эртең Коопсуздук Кеңештин жыйыны өтөт

  • 11 месяцев мурун

Эртең, 13-июнда,  Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Куралдуу күчтөрдүн абалы,  жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, стратегиялык объектилердин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.

Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып баруу саат 10:00до башталат.

Сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты