Эрлист Акунбеков АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолукту
- 2 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.
Жолугушууда соода-экономикалык багытындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлүп, маектешүүдө өзгөчө айыл чарба тармагына басым жасалды.
Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү маселеси каралды. Анда кыргызстандык өндүрүүчүлөргө АКШ рыногуна чыгууга көмөк көрсөтүү, сертификация, фитосанитардык талаптар, сапат жана таңгактоо стандарттарына байланышкан маселелери сүйлөшүлдү.
Бул үчүн заманбап техника жана технология менен камсыз кылуу маанилүү деп белгиленди.
Тараптар бул багытта тыгыз байланышта болууга макулдашты.
Сүрөт:gov.kg




