Эрлист Акунбеков МинКаб төрагасынын орун басары – министр болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Эрлист Акунбеков мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. 

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына дайындоого макулдук берди.

23-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев кызматынан бошотулду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты