Бакыт Төрөбаевдин ордуна Эрлист Акунбеков милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эрлист Акунбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Бүгүн, 23-февралда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев кызматынан бошотулду.
Сүрөттө: Эрлист Акунбеков. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




