Эркин журналист Ыдырыс Исаков суракка чакырылды

  • 1 год мурун

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү «ПолитКлиника» медиасына ырастады.

Анын айтымында, ага кагаз жүзүндө суракка чакырылганы тууралуу билдирүү келген эмес, телефон аркылуу чакырышкан.

Исаковго алгач Ички иштер министрлигинен байланышкан, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу көрсөтмө берүүнү талап кылышкан.

Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатат. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты