“Эркечтам” өткөрүү жайында абага ок атылган окуя боюнча текшерүү жүрүүдө
- 9 месяцев мурун
Ош облусунун Алай районундагы “Эркечтам” өткөрүү пунктунун унаа токтотуучу жайында 31-августта Кытайдын оор жүк ташуучу унаа айдоочулары менен анда иштеген милициянын күзөт кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Бул окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы ЖМКга билдиргендей, аталган постто саат 16:40 та Кытай жарандары менен ал жакта кызмат өтөп жаткан ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерлери уруша кетишкен. Кытай жарандары милиция кызматкерлерине кол көтөргөндүгү айтылат. Милиция кызматкерлери абага үч ирет ок атууга мажбур болушкан. Ошондо кытайлык жарандар кол көтөрүүнү токтоткон.
Окуя болгон жерге Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Белгиленгендей, жаракат алгандар жок. Кытайдын 9 жараны жана күзөт бөлүмүнүн эки кызматкери суракка алынган. Маалыматка караганда, кытайлык жарандардын алтоо мас абалында болгон.
Бул окуя боюнча текшерүү жүрүп жатканы маалымдалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




