Австриянын мектебинде ок атылып, кеминде 8 киши каза тапканы айтылды
- 6 дней мурун
Австриянын Грац шаарындагы мектепте ок атылып, кеминде 8 киши каза тааап, 28 киши жаракат алган. Бул тууралуу Kronen Zeitung гезити билдирди.
Аталган гезиттин кабарчысы окуучулар менен бир класска жашырынган мугалимдин күйөөсү менен сүйлөшкөндө, алар бир нече ирет ок атылганын угушкандыгын айткан. Ок чыгарган киши эки классты аткылаган, андан кийин өзү да каза тапкан. Баштапкы маалыматтар боюнча, ал өзүн өзү өлтүрүшү мүмкүндүгү айтылууда.
Штририя федералдык жергесинин полициясы мектептеги ок атуу боюнча шаарда атайын операция жүрүп жатканын билдирген.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, ок атуудан 28 киши жаракат алган. Ок чыгарган окуучу мектепте кемсинтүүгө кабылганын айтып жүргөн.
Сүрөт: AFP
Муну бөлүшүү