“Эркечтам” өткөрүү жайында асманга ок атылган окуя боюнча чет элдик үч жаран кармалды
- 10 месяцев мурун
Ош облусунун Алай районундагы “Эркечтам” өткөрүү пунктунун унаа токтотуучу жайында 31-августта Кытайдын оор жүк ташуучу унаа айдоочулары менен анда иштеген милициянын күзөт кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ички иштер министрлигинин күзөт кызматкерлери аларга эскертүү берип, асманга ок аткан. Окуя териштирилгенден кийин, чет элдик үч жаран камакка алынды.
Алай районунун ички иштер бөлүмүнө Нура айылында жайгашкан «Эркечтам» постунда ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, күзөт кызматынын кызматкери асманга үч жолу ок чыгаргандыгы тууралуу кабар түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Ички иштер министрлиги билдиргеней, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 6 чет өлкөлүк жаран күбө катары суралып, ал эми үч чет өлкөлүк жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы




