“Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 14-мартта Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Аксу аймагынын губернатору Адили Али баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, бул чек ара пунктунун транспорттук-логистикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө бурулду.
Жолугушууда Кытайдын СУАР Аксу аймагынын губернатору Адили Али Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу демилгесин көтөрдү.
2024-жылы 4-сентябрда «Бедел» өткөрүү пункту жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылган. Электр чубалгылары тартылган, өткөрүү пунктуна алып барган «Барскоон-Учтурфан-Аксу» унаа жолунун 58 чакырымына убактылуу жол салынып, көпүрөлөр курулган.
Ал эми толук кандуу эл аралык стандарттарга ылайык, унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылга чейин эки тараптуу биргелешип ишке ашырылары буга чейин айтылган.
Сүрөт: «Бедел» өткөрүү пункту. Интернет булактарынан