Эрдоган Кахов ГЭСиндеги жардырууну иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын менен Украинанын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылышын иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу  Hurriyet басылмасы жазды.

Эрдогандын айтымында, иликтөөгө согушуп жаткан тараптардын эксперттери, БУУнун жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да кошулушу керек.

Түрк президенти Анкара иликтөө жүргүзүү үчүн колдон келген аракетин кылууга даяр экенин белгиледи.

Украина президенти Владимир Зеленский Түркиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Эрдоганга апаатты жоюу үчүн керектүү муктаждыктарынын тизмесин бергенин кабарлады. Зеленский ГЭСтин талкаланышын Орусиянын террордук чабуулу деп атады.

Кремль тараткан билдирүүдө Путин бул окуя үчүн Украинаны айыптап, жардырууну “варвардык акция” деп атаганы айтылат. Бул Путиндин Херсон аймагындагы дамбанын жарылышы боюнча биринчи комментарийи болду.

Эрдогандын комиссия түзүү сунушуна Зеленский менен Путин кандай жооп бергени айтылган жок.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган.
Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты