Эр-Рияд Иран Сауд Арабиясына чабуул жасай турганы жөнүндө АКШга эскертти

  • 1 год мурун

Эр-Рияд Иран Сауд Арабиясынын аймагындагы буталарга «сөзсүз чабуул жасай тургандыгы» жөнүндөгү чалгын маалыматтарын Вашингтон менен бөлүштү.

Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы падышалыктагы жана АКШдагы өз булактарына шилтеме менен билдирди.

Ирандын бийлиги хиджабды туура эмес кийгени үчүн адеп-ахлак полициясы кармагандан кийин каза болгон активист кыз Махсы Амининин өлүмүнө байланыштуу өтүп жаткан наарызылык акцияларды пландоого жана ишке ашырууга АКШнын, Улуу Британиянын, Израилдин жана Сауд Арабиясынын чалгын кызматтарын айыптап келет.

Сауд Арабиясынын расмий кызмат адамдарынын билдирүүлөрүнө ылайык, Иран ички наарызылыктардан элдин көңүлүн буруу үчүн падышалыктан тышкары Ирактагы Курдистанга да чабуулдарды жасоону пландап жатат.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, АКШ, Сауд Арабиясы жана Жакынкы Чыгыштагы башка бир катар өлкөлөр куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдык деңгээлин жогорулатты.

Өткөн айда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачылыгы Ирандагы нааразылык акцияларды өз ЖМКларында чагылдырбоо боюнча Сауд Арабиясына ачык эскертүү берген. «Бул биздин акыркы эскертүүбүз, анткени силер өз ЖМКларыңар аркылуу биздин ички ишибизге кийлигишип жатасыңар» деген генерал-майор Хоссейн Салами.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты