EPS программасы аркылуу эмгектенүү үчүн Түштүк Кореяга учуп кетишти
- 2 месяца мурун
18-ноябрда Кыргызстандын 12 жараны EPS программасы аркылуу эмгектенүү үчүн Түштүк Кореяга кетишти.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов борборго келип, жарандарга ак жол каалады.
Аталган министрликтин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аларды 5 күн окутту. Окутуунун негизги максаты – корей тилинде практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү жана иштөө чөйрөсүнө ылайыкташуу.
Корея Республикасынын Эмгек министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 5000ден ашуун КР жараны расмий ишке орношкон.
Бүгүнкү күндө EPS программасынын негизинде Корея Республикасында 1500 ашуун КР жараны эмгектенип жатат. Алардын көбү өндүрүш тармагында эмгектенишет, анын ичинде: тамак-аш өнөр жайы, химиялык өнөр жай, кагаз өндүрүү, пластик, резина жана айнек чыгаруучу заводдор.
Орточо эмгек акы – 1500 АКШ доллары, мында жашоо жана тамактануу чыгымдары (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.
EPS программасына катышуу үчүн корей тилин жетиштүү деңгээлде билүү талап кылынат.
Сүрөт: жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору




