Эпидемиологиялык абал начарлашы ыктымал: Даярдык кандай?

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында ыкчам штабдын кезектеги жыйыны 7-январда өттү. Анда саламаттык сактоо министрлигинин республикадагы эпидемиологиялык абал жана калкты эмдөө боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбор шаардагы саламаттык сактоо уюмдарында оорулуулар көбөйө турган болсо, 400 резервдик орун даярдала турганын билдирди. Дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары жетиштүү экени белгиленди.

Штабдын жыйынында белгиленгендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөн бардык адамдар үчүн ПЦР-тесттин жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы алынып салынганына байланыштуу, өткөрүү пункттарында COVID-19 инфекциясынп карата экспресс-тесттер жүргүзүлөт.

7-январга карата коронавирустун 247 учуру катталды, алардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунан чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты