Энергетикага жана күз-кыш мезгилине даярдыкты каржылоого 15 млн ашуун сом каралган

  • 2 года мурун

Энергетика тармагын жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 15 612,7 млн ​​сом суммасында каражат каралган.

Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.

Каралган сумманын ичинен бюджеттик каражаттардан 9380,3 млн сом (30-сентябрга карата) бөлүнгөн. Алар:  — «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасына жылуулук энергиясын субсидиялоого 1410,5 млн сом (2021-жылга салыштырмалуу 93,6 млн сомго көп) каралып, бүгүнкү күнгө карата 1374,4 млн сом бөлүнгөн. (97,4%). 

Ошону менен бирге бүгүнкү күндө калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргыз жылуулук энерго» жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн 165,0 млн сом суммасында кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда;

— Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калктын электр энергиясына болгон 50 пайыздык жөлөкпулун компенсациялоого 150,0 млн сом каралып, анын ичинен 126,5 млн сом бөлүнгөн;

— Республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелердин коммуналдык чарбага байланыштуу чыгашаларына 2664,0 млн сом каралган, анын ичинен 1583,5 млн сому электр/жылуулук ресурстарына:  — электр энергиясы үчүн төлөөгө -1280,1 млн сом;

— жылуулук энергиясына төлөөгө — 255,6 млн сом; — жаратылыш газын төлөөгө — 22,6 млн сом. — Республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270,7 млн ​​сом каралып, анын 106,5 млн сому бөлүнгөн.

— 11117,5 млн сом бюджеттик кредит электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, «Бала-Саруу ГЭСи» кичи ГЭСин курууга бөлүнгөн, анын ичинен бүгүнкү күндө 6190,0 млн сом бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты