Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган экс-чиновник кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) президенттин жардамчысынан 300 миң АКШ долларын талап кылган Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Данияр Акматов кармалганын билдирди.

“Бул факты боюнча УКМК кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча кылмыш иши козголду жана А.Д Б. коркутуп, кандайдыр бир чагымчыл материалды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо менен деп коркутуп,  президенттин жардамчысынан 300 миң АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган” деп айтылат УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

6-сентябрда А.Д.Б. (Акматов Данияр Барпыевич) камакка алынганы жана тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты