Энергетика тармагы ардагер Ильяс Давыдов менен коштошту

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-мартта, Кыргызстандын энергетиктери тармактын ардагери Ильяс Давыдов менен коштошту.

4-мартта 82 жаш курагында КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Давыдов Ильяс Абдуллович каза болду.    

Ильяс Абдуллович 1958-жылы Ош шаарындагы орто мектепти артыкчылык  менен аяктап, 1963-жылы Орусиянын Томск шаарындагы политехникалык институтунда электр тармактары жана системалары адистигин алгандан кийин эмгек жолун «Сельэнерго» облустук башкармалыгынын улук инженери болуп баштап, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрине чейин жеткен. 

55 жылдан ашуун эмгектенген И. А. Давыдов Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн 220/110/10 кВ «Ала-Арча» системалык көмөкчордонуна Давыдов Ильяс Абдулловичтин ысымы ыйгарылган. Бул көмөк чордондо «Энергетика системасынын өнүгүү тарыхы» музейи ачылган. 

Энергетика тармагы ардагер Ильяс Давыдов менен коштошту
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты