Энергетика министрлиги: Электр жарыгын өчүрүү токтотулду

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарык өчүрүү токтотулганын билдирди.

Маалыматта аба ырайы ысып, электр энергиясын керектөө кыйла азайгандыктан, жөнгө салуу иш-чаралары жыйынтыкталганы жазылган.

Расмий эсепте ушул күндөрү электр энергиясын керектөөнүн орточо суткалык көрсөткүчү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзүүдө. Күн суук кезде ал 70 млн кВт. саатка чейин жеткен.

Марттын башында Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычында учурда 7,5 млрд метр кубдан бир аз ашуун суу бар. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты