Энергетика министрлиги электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга жооп кайтарды  

  • 2 месяца мурун

«Жеке компанияларды импорттук электр энергиясынын чыгымдарын жабууга мажбурлап жатат» деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бирдиктүү тариф электр энергиясынын чыныгы наркын, анын ичинде импорттук жеткирүүлөрдү да эске алуу үчүн зарыл.

Энергетика министрлиги мындай жоопту электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын президент Садыр Жапаровго ачык Кайрылуусуна байланыштуу билдирди.    

-Айрыкча күз-кыш мезгилинде тартыштык жаралып, башка өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга туура келет. Чыныгы чыгымдарды эске албоо тармакта карыздардын көбөйүшүнө жана каржылоонун жетишсиздигине алып келет, -деп белгилейт Энергетика министрлиги.

-Инвесторлор үчүн негизги факторлор — туруктуулук, түшүнүктүү эрежелер жана каржылык тартип. Тармактагы ачыктык канчалык жогору болсо, инвесторлордун жана рынок катышуучуларынын ишеними да ошончолук жогорулайт. Белгиленгедей, бардык өзгөртүүлөр мыйзамдын чегинде жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылат. Бул чаралар энергетика тармагында көп жылдан бери топтолуп келген маселелерди системалуу түрдө чечүүгө багытталган,- деди Энергетика министрлиги.  

Энергетика министрлиги «Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Мамлекет бизнес жана жарандар менен диалогго ачык деп билдирди.

-Буга чейин Энергетика министрлигине жеке бөлүштүрүүчү компаниялардын абоненттеринен бир нече жолу кайрылуулар түшкөндүгү айтылат. Айрым жарандар кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана аталган компаниялардын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, мамлекеттик компаниялардын тейлөөсүнө өтүүнү каалашкан. Бул маселелер да көңүл бурууну жана ар тараптуу кароону талап кылат, -деди Энергетика министрлиги.  

Буга чейин энергетика тармагынын ишкерлери президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жазып, Энергетика министрлиги тариф саясатына жана мыйзамдарга каршы келген, электр энергия рыногунда дискриминациялык шарттарды түзгөн өзгөртүүлөрдү киргизгени жатканын айтып чыккан.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-Урматтуу Садыр Нургожоевич! Биз, ата мекендик бөлүштүрүүчү ишканалар, Конституциянын кепили катары сизге мыйзамдуу укуктарыбызды коргоо өтүнүчү менен ачык кайрылып жатабыз. Энергетика министрлиги тарифтик саясатка, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу белгилери бар жана электр энергиясынын рыногунда дискриминациялык шарттарды түзгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Министрлик бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн тарифти импорттук электр энергиясынын баасына негиздеп белгилөөнү сунуштап жатат, -деп Кайрылуу жасашкан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты