“Өч-2” аттуу көркөм фильм көрсөтүүдөн алынды

  • 4 недели мурун

13-апрелде Кинематография департаментинин комиссиясы «Өч 2» аттуу көркөм тасманы өлкөдө көрсөтүүнү токтотту.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди.

Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экендиги аныкталды.

Ушуга байланыштуу “Кыргызтасмасы киноборбору” мамлекеттик мекемесинин директору А. Т. Тулекеев кызматынан бошотулду.

“Өч 2” көркөм тасмасынын Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүсү токтотулду. Кинотеатрлар, жүгүртүү уюмдар жана кино көрсөтүү менен алектенген башка субъекттер тасманы токтоосуз жүгүртүүдөн алып салууга милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, фильмдин режиссерлору — Илгиз Куватбек, Шамилбек Бекболсун уулу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты