“Энелердин эмгеги өз убагында бааланышы керек”. Президент энелер күнү менен куттуктады
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.
“Ата-бабаларыбыз улуттун келечегин улап, ар бир инсандын калыптануусуна эбегейсиз таасир тийгизген аялзатына аздек менен мамиле кылышкан. Өмүрдүн башаты, үйдүн куту, жашоонун маңызы Энелер экенин эң жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан кыргыз энелери улуттун учугун улоочу гана эмес, урпактарга улуу муундан калган нарк-насилди жайылтуучу, элдин ынтымагына жана эң башкысы мамлекеттин бүтүндүгүн сактоочу калдайган калың журттун уюткусу болуп келишкен” деп айтылат куттуктоодо.
Куттуктоодо энелердин эмгеги өз убагында бааланышы керектиги белгиленди:
“Кыргызстанда энелердин эмгеги, мамлекетке кошуп жаткан баа жеткис салымдары өз убагында бааланууга тийиш. Биз айымдардын мамлекеттик жана коомдук иштерге жигердүү катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүп келебиз.
Бүгүнкү күндө өлкөбүз прогрессивдүү тенденцияга күбө болууда. Учурда жергиликтүү кеңештердин 42 пайызын, Жогорку Кеңештин 22 пайызын, мамлекеттик кызматта иштегендердин дээрлик 44,5 пайызын биздин эже-карындаштар түзүп, жогорку кызматтарда иштеп келатышат. Алардын саясий жана коомдук турмушка батыл аралашуусу, лидерлик сапаттары, өнүгүүгө дайыма умтулуусу мамлекеттүүлүктү чыңдоодо жана коомдун өнүгүшүндөгү абдан маанилүү кадам деп эсептейм деди президент”.
2012-жылдан баштап ар жылы май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары белгиленүүдө. Быйыл энелер күнү 19-майга туура келет.
2012-жылдын 23-апрелинде ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев энелер күнүн белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Ошондон бери май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары майрамдалууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




