Илияз Иманбетов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

  • 6 месяцев мурун

Илияз Иманбетов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Илияз Иманбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Эске салсак, ал бул кызматка 2022-жылы сентябрь айында дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты