Эмил Жамгырчиев депутаттыкка талапкер болуудан баш тартты

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоодо өзүн-өзү талапкер катары каттоо үчүн БШКга арыз берген.14-октябрда Жамгырчиев талапкер болуудан баш тартканын айтты.

«Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу алдыдагы аламанга аттануудан баш тарттым. Мага ишеним артып, колдоп, жылуу сөзүн билдирип, алдыга сүрөп келген тарапташтарыма терең ыраазычылык билдирем. Бул чечимди кабыл алуу мен үчүн оңойго турган жок»,- деди Жамгырчиев.

Эмил Жамгырчиевге 2023-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон. 2024-жылы ошол кездеги прокурордун өтүнүчү менен парламент Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Эмил Жамгырчиев УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, 2-февралда кайра үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты