Эмгек министрлиги майыптыгы барлардын укугу бузулгандыгы боюнча сынга жооп берди

  • 2 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыйноолордун алдын алдын борборунун майыптыгы бар адамдардын укугун бузгандар жоопко тартылбай жаткандыгы айтылды сынына жооп кайтарды

Министрликтен  билдиришкендей, өткөн жылдын декабрь айында күндүз имараттын температурасы төмөндөп кеткендиктен, жылытууда кыска мөөнөттүү көйгөйлөр жаралган. Бирок кырдаал өз убагында оңдолду. Жооптуу кызматкерлерге чаралар көрүлүп, жазага тартылган.

Социалдык-стационарлык мекемелердеги тамактанууга байланыштуу: Күнүмдүк тамак-аш күнүнө бир кишиге чоңдор үчүн 200 сом жана балдар үчүн 220 сомду түзөт. Мындан тышкары ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилди, кызмат алуучулардын тамактануусу жакшыртылды.

Бүгүнкү күндө Министрлер кабинетинин чечими менен интернаттардагылардын жашоо-шартын, имараттардагы оңдоп-түзөө иштерин, ж.б.у.с. көзөмөлдөө боюнча комиссия иштеп жатат. Мониторингдин жыйынтыгы мындагы жашоо сапатты жакшыртуу боюнча сунуштар Министрлер кабинетине киргизилди,-деп айтылат Эмгек министрлигинин жообунда.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укугун тебелеп, зомбулук кылууга айыпталган кызматкерлер жоопко тартылбай жатканын 22-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирген.

Ал буга мисал катары Улуттук психиатрия борборунда аутизмден жабыркаган өспүрүм кызга адамгерчиликсиз мамиле кылууга шектелген кызматкерлердин бири да жоопко тартылбаганын, Кадамжайдагы майыптыгы бар адамдар жашаган социалдык-стационардык мекемеде адамдар тоё тамак жебегени үчүн жооптуу кызматкерлер бүгүнкү күнү да кызмат ордунда иштеп жатышканын айтты.

Рысбеков ошондой эле кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери былтыр декабрда Кадамжайдагы майыптыгы бар адамдар багылуучу социалдык-стационардык мекемеге барып, андагы адамдарга күнүмдүк бөлүнгөн 400 грамм нан берилбей, бейтаптар тоё тамак жебей жатканын аныктаганын кошумчалады. Бул факт боюнча да прокуратурага маалымат берилип, кийинчерээк буга жооптуу кызматкер иштен алынганы тууралуу маалымат алышкан.

«Тилекке каршы, биз кийинчерээк тактадык, ал кызматынан бошотулбай эле иштеп жатыптыр» деди Рысбеков.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты