Элмурза Сатыбалдиев ЖККУ ПА комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп шайланды   

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Бул тууралуу Элмурза Сатыбалдиев өзү ЖМКга билдирди.

Талапкерликти парламенттер аралык ассамблеясынын кеңеши бекитиш керек. Ал депутаттык мандатын сактап калмакчы.

Элмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда, 2007-2009-жылдары башкы прокурор болуп иштеген. Ага апрель окуясы боюнча кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты