Элмурза Сатыбалдиев: Өзүн өзү таркатуу сунушун комитетте демилгечи депутаттардын катышуусунда кенен талкууласак болмок  

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу сунушу бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде каралды жана жактырылды. Анда 32 демилгечи депутаттын атынан Улан Примов баяндама менен чыкты.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу сунушу демилгечи депутаттардын катышуусунда кенен талкууланса болмоктугун билдирди:

-Мен мындан шайлоого ары барбайм, мен сиздин сунушуңузду (Улан Примовго кайрылып-ред.) колдойм. Мындай нерсени 32 депутаттын катышуусунда кенен талкууласак болмок,-деди комитеттин жыйынына катышкан депутат Элмурза Сатыбалдиев.  

Депутат Сатыбалдиев “бир аз эскирдик, мыйзам чыгаруу оюбуз эскирди, жаңы адамдар келишсин, жаңы көз карашта иштей тургандар келишсин” деген ойду кошуп коюуну өтүндү.

-Сизге ийгилик каалайм, 32 депутаттын атынан сүйлөп, 90 депутатка сунуш кылам деген буга да сапат керек. Ыраазымын, туура, жүрөгүмдөгү нерсени аткардыңыз, беш жыл отура берип эмне кылабыз, эскирдик, жаңылансын деген ойду айтып келгем.  Мен ыраазымын, депутаттыкка барбайм. Силер келгиле, -деди Эльмурза Сатыбалдиев.   

  

Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу сунушу бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде каралды жана жактырылды.

Баяндамачы депутат Улан Примов болду. Примовдун айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдары кабыл алынган, жаңы шайлоо системасы аныкталган. Аталган мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, президенттик шайлоо, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо. Кыска мөөнөттө эки чоң шайлоону өткөрүүгө оорчулук келтирет. Ошол себептүү саясий туруктуулукту бекемдөө, мамлекеттин бийлик бутактарынын иштеп туруусун камсыздоону эсепке алып, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуусу боюнча сунушту 32 депутаты демилгеледи.  

Сүрөттө: Элмурза Сатыбалдиев. kenesh.kg         

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты