Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу демилгеси комитетте каралып, жалпы жыйынга сунушталды

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу сунушу бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде каралды жана жактырылды.  

Баяндамачы депутат Улан Примов болду. Примовдун айтымында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдары кабыл алынган, жаңы шайлоо системасы аныкталган. Аталган мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, президенттик шайлоо, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо. Кыска мөөнөттө эки чоң шайлоону өткөрүүгө оорчулук келтирет. Ошол себептүү саясий туруктуулукту бекемдөө, мамлекеттин бийлик бутактарынын иштеп туруусун камсыздоону эсепке алып, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуусу боюнча сунушту 32 депутаты демилгеледи.  

 «Эки негизги саясий окуя – президенттик жана парламенттик шайлоонун аралыгы бир гана ай болууда. Андыктан саясий туруктуулукту бекемдөө жана мамлекетте бийлик бутактарынын толук кандуу иштеп туруусун камсыз кылуу  максатында,  демилгечи топ 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатуусу боюнча сунушту киргиздик”деди Улан Примов.       

Буга чейин Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогулганын парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айткан.

Ал Жогорку Кеңешти таркатууга сырткы күчтөрдүн, президенттин же аткаруу бийлигинин укугу жоктугун, парламент өзүн-өзү гана тарката аларын билдирген.

Депутат Эльмурза Сатыбалдиев бул сунушту демилгелеген 32 депутаттын аты-жөнүн айтып коюуну сунуштады.

Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуусун демилгелеген депутаттар:

1.Нурланбек Азыгалиев (парламенттин вице-спикери)
2.Нурбек Сыдыгалиев (парламенттин вице-спикери)
3.Марлен Маматалиев
4.Азамат Исираилов
5.Кундузбек Сулайманов

  1. Жылдыз Садырбаева
  2. Таалайбек Масабиров
    8. Азизбек Турсунбаев
    9.Улан Примов
    10.Данияр Төлөнов
    11.Алишер Козуев
    12. Чыңгыз Ажибаев
    13.Бактыяр Калпаев
    14.Аманкан Кенжебаев
    15.Гүлсүнкан Жунушалиева
    16.Нилуфар Алимжанова
    17.Саидбек Зулпуев
    18.Лейла Лурова
    19.Чолпон Султанбекова
    20.Балбак Түлөбаев
    21.Равшанбек Рысбаев
    22.Кубанычбек Самаков
    23.Жанар Акаев
    24.Русланбек Жакышов
    25.Жайлообай Нышанов
    26.Сүйүнбек Өмүрзаков
    27.Гүлкан Молдобекова
    28.Марат Мураталиев
    29.Арсланбек Эгембердиев
    30.Айжигит Тыналиев
    31.Арсланбек Малиев
    32.Акбөкөн Таштанбеков

Жогорку Кеңештин депутаттарын  шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Бул тууралуу президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылат.  

Иллюстрациялык сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты