“Элиталык” деген атка жамынып, мөөнөтү өткөн импорттук азык-түлүктөрдү системалуу сатууга шектелүүдө
- 1 год мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «элиталык” импорттук продукция деген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүү, жасалмалоо жана сатуу боюнча кылмыштуу схеманы аныктап, бөгөт койду. Компаниянын иш-аракеттери токтотулуп, кеңселерине мөөр басылып, «Корзинка» ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н., директору Р.С.В. жана дүкөндүн башкаруучусу С.О.В. №1 абак жайына киргизилди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 10 жылдан ашуун убакыттан бери базар чөйрөсүндө премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген «Корзинка» ЖЧКсынын негиздөөчүсү, 1988-жылы туулган З.С.Н., 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн.
Козголгон кылмыш иштин алкагында аталган жаран чет өлкөлүк сатуучулар менен жең учунан сүйлөшүп алып, жок кылууга багытталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алганы жана аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукциялар катары тариздегени аныкталган.
Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо аралаш жүктөрдүн курамында келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан.
Европадан – италиялык соустар, сыр, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон.
Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары – өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болуп, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар «чет өлкөдөн келген деликатес» деген жасалма шылтоо менен керектөөчүлөрдүн дасторкондорунан орун тапкан.
Тинтүү учурунда, аталган компаниянын төмөнкү даректердеги кампаларында: Бишкек шаары, Набережная көч. 16; Жукеев-Пудовкин көч. 616 (“Корзинка” дүкөнү); Интергельпо көч. 1-үйдө – сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, оргтехника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр жана онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.
Компаниянын бардык иш-аракеттери токтотулуп, кеңселерине мөөр басылып, «Корзинка» ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н., директору Р.С.В. жана дүкөндүн башкаруучусу С.О.В. №1 абак жайына киргизилди.
Учурда мыйзамсыз схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча бир катар тергөө иш-чаралары жана салыктык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.



Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




