«Элге акыл үйрөтөрдөн мурда өзүң таза болушуң керек». Садыр Жапаров Мадумаров менен Нарматовага жооп берди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы боюнча комментарий берди.

Мамлекет башчысы Мадумаров менен Нарматованы кескин сындап, «коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек» деп жооп берген.

«Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда», — деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Мадумаров жөнүндө кенен токтолуп, Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча ал кол койгон протоколду «чыккынчылык» деп атады.

17-январда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатканы белгилүү болгон. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары экинчи жолу суракка чакыртылган.

Мадумаров соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет. Ал эми протокол боюнча дооматтарды четке каккан.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан. Атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты