Адахан Мадумаров кайрадан суракка чакырылды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында кайрадан сурак берип жатат. Бул тууралуу  24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Мадумаров суракка кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча чакырылган.

Белгилей кетсек, депутат буга чейин 14-январда дагы Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органга 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген.

Мадумаров соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атаган эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты