Электрондук тамеки окуучунун өмүрүн кыюуга себепкер болду

  • 6 месяцев мурун

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттарды пайдалануу окуучулардын ден соолугуна залакасын тийгизип, айрым учурда өмүрүнүн кыйылышына себепкер болууда. Жакында эле мунун айынан кайгылуу окуя болгонун министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. 2023-жылдын 27-октябрында кечки саат 21:00-21:30дар чамасында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон. 

Ошол күнү баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.

28-октябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө барып, ата-энесине кайрат айтты.

Каза болгон баланын апасы Н.К. №1 инновациялык гимназия-мектебинде мугалим.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты