Электрондук чылымга тыюу салуу сунушу коомдук талкууга чыгарылды

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салууну демилгеледи.

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга, укук бузуулар жөнүндө кодексине жана кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-февралдан тартып коомдук талкууга чыгарылды.

Ташиев укук бузуулар кодексине атайын кутуларга куюлган, түрдүү жыты бар электрондук чылымдарды колдонууга тыюу салган беренени кошууну сунуштоодо. Документте продукциянын тизмеси көрсөтүлгөн эмес.

Электрондук тамеки колдонгону үчүн депутат жеке жактарга 4 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң сом айып салууну сунуштоодо. Аларды саткан жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 6500 сом айып чегерүү демилгеленди.

Ташиев Кыргызстандын аймагына электрондук тамеки алып кирүүгө тыюу салууну да сунуштоодо. Мыйзам бузгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Ташиев электрондук чылым салттуу тамекилердин коопсуз альтернативасы катары популярдуу болуп калганын белгиледи. Депутаттын айтымында, электрондук тамекилер мектеп окуучуларынын арасында да көп колдонулууда:

“Бирок колдонулуучу суюктуктун курамы жана химиялык компоненттери тууралуу эч ким билбейт. Чылымга жагымдуу жыт жана даам берүүчү айрым ароматизаторлор кээ бир адамдарда, айрыкча аллергиялык реакциялардан (дем кыстыгуудан) азап тарткан адамдарда терс реакцияларга алып келиши мүмкүн”.

Шайырбек Ташиев электрондук тамекиге тыюу салууну 2023-жылдын март айында эле сунуштаган. Анда ал электрондук тамеки колдонгон кыздарга тынчсыздануусун билдирген. Бирок депутат мыйзам долбоорун дээрлик бир жылдан кийин талкууга алып чыкты.

Кыргызстанда 2021-жылдан тартып коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты