Электр жарыгынын өчүшүнө байланыштуу “112” кызматына 500 жолу телефон чалышкан

  • 2 года мурун

Электр жарыгы өчкөн учурда ӨКМдин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 кызматына республики боюнча 500гө жакын киши чалган.

Маалыматка ылайык, электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча маалымат түшкөн жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жарандар электр жарыгынын өчүшүнүн себеби  жана качан күйө тургандыгы боюнча сурашкан.

Учурда 112 кызматы үзгүлтүксүз иштөөдө жана ӨКМдин Куткаруу кызматтары ыкчам түрдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди .

Кыргызстанда электр жарыгын берүү калыбына келтириле баштады. Энергетика министрлиги жарык берүүнү калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн экенин билдирди.

Бүгүн, 25-январда,  күндүзгү саат 12лер чамасында Кыргызстандын аймагында жарык өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор азиялык шакекчедеги авариядан улам өчкөнүн билдирди.

“Кыргызстан энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз” деди министрликтин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова.

Электр энергиясы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда  үзгүлтүккө учурагандыгы маалым болду.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты